Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин үй-бүлөсү ага вирусту атайылап жуктурушканын айтып чыкты

Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 457 | 0

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев ооруканага жаткырылганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады. Анын адвокаты Сергей Слесаревдин айтымында, Атамбаев Президенттин алдындагы атайын ооруканага жаткырылды.

Жактоочуга Атамбаев менен жолугушуусуна уруксат берилген эмес, ал УКМКнын кызматкерлери тарабынан кайтарылууда.

Биз өткөн жума күнү эле жолугушканбыз. Ал өзүн жакшы сезип жаткан. Өпкөсүнүн сезгенүүсү боюнча эч кандай белги байкалган эмес, -дейт жактоочу.

29-июнда Атамбаев саламаттыгы начарлаганын айткан, андан коронавируска карата ПЦР-анализ алынган. Анын жыйынтыгы таза чыккан.

Ошол эле күнү ага дарыгерлер консилиум жасап, Атамбаевге “эки тараптуу өпкөнүн сезгенүүсү” деген диагноз коюлган. Ушундан улам, Атамбаев стационардык дарылануудан өтүү үчүн ооруканага жаткырылды.

Ал ортодо Атамбаевдин үй-бүлөсү тергөө абагында ага ооруну атайылап жуктурушту деген билдирүү таратышты. Анда Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы 11-майда Атамбаевди үй камагына чыгаруу керектигин билдиргенин, бирок бийлик ал кайрылууну көз жаздымда калтырганы айтылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM