Биз менен байланышыңыз

Экономиканын дээрлик бардык секторунда өндүрүш төмөндөдү

Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 361 | 0

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5 пайыз деңгээлинде сактап калды. Ал 30-июндан тарта күчүнө кирет. Бактын расмий сайтындагы маалыматка караганда, дүйнөлүк пандемияга байланыштуу Кыргызстанда экономиканын дээрлик бардык секторунда өндүрүштүн төмөндөшү байкалып, ички дүң продукциясынын көрсөткүчтөрү төмөндөгөн.

Ички керектөөнү кармап туруучу фактор катары өлкөгө акча которуулар жана экспорттук пайда да кыскарган.

Ички суроо-талаптын басаңдашы инфляциянын төмөндөшүнө алып келет. 2020-жылдын июнь айында жылдык инфляциянын көрсөткүчү 6,1 пайызга чейин төмөндөгөн.

Улуттук банк ушул жылдын акырына карата инфляциянын орточо мааниси акча-кредит саясатынын орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчү 5-7 пайыз чегинде сактала тургандыгын болжолдойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM