Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Токаев карантин киргизүүнү тапшырды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 1666 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 29-июнда карантин чараларын кайра киргизүү боюнча план иштеп чыгууну тапшырды. Ал видео конференцияда Казакстанда коронавирустун жайылып жатканына байланыштуу облус жетекчилерин, мамлекеттик мекемелердин башчыларын жана министрлерди сындады.

Өлкөдө 11-майдан бери, өзгөчө абал алынгандан кийин коронавирусту жугузуп алгандардын саны жети эсе көбөйдү.

Tengrinews.kz сайтынын маалыматы боюнча, Казакстанда акыркы сутка ичинде коронавирус жуктурган 1495 учур катталды. Анын ичинен 1003 жаранда оорунун белгилери байкалган эмес.

Алматыда 59, Нур-Султанда 57, Чыгыш Казакстанда 51, Карагандада 49, Шымкентте 38, Актөбеде 34, Батыш Казакстанда 31, Павлодарда 31, Костанайда 27, Атырауда 23, Түндүк Казакстанда 22, Алматы облусунда 19, Түркестанда 14, Кызылордада 11, Акмолада 10, Жамбылда 10 жана Маңгистауда 6 адам вирус жуктуруп алган.

Казакстанда коронавирусту жалпы 21 миң 819 адам жуктурган. Алардын 13008 адам айыгып, 188и каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM