Биз менен байланышыңыз

2 жылда 900гө жакын кылмыш иши сотко өткөн

Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 343 | 0

Коррупцияга каршы күрөш улантылат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын маалыматында, 2018-жылдан бери коррупция менен байланышкан 900гө жакын кылмыш иши соттун кароосуна жиберилген. Аталган иштер боюнча мамлекеттик бюджетке кайтарылган каражаттын суммасы 11 млрд сомдон ашты.

Атап айтканда, салык жана бажы органдарында, Транспорт министрилигинде, “Кыргыз темир жолунда”, Мамлекеттик каттоо кызматында, Экологиялык, техникалык коопсуздук боюнча инспекцияда, сот органдарында жана Финансы полициясында орун алган коррупциялык схемалар ачыкка чыгарылды.

-Жакында эле темир жолдогу ири коррупциялык схема ачыкталды. Бул кечээ жакында эле пайда болгон схема эмес, он жылдап иштеп келген көмүскө схема. Эмнеге ачыкталган эмес? Анткени текшерүүчү укук коргоо органдары да бул коррупциялык схеманын катышуучулары болгон. Биз ичип-жеген аткаминерлер менен гана эмес, аларды жаап-жашырып, кошо табакташ болуп келаткан укук коргоо органдарынын да бетин ачышыбыз керек. Аларга карата да аёосуз күрөш жүргүзүлөт, — деди президент.

Жээнбеков 30-июнда парламентте өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсүнө катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM