Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 7 киши каза болду

Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 655 | 0

Кыргызстанда өткөн сутка ичинде 7 киши коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо мининстринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

-Республикалык клиникалык ооруканасында – 2 жаран (55 жашта эркек киши, 76 жаштагы эркек киши);

-Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 2 киши (70 жаштагы аял киши, 49 жаштагы аял киши);

-№2 Клиникалык төрөт үйүнөн – 1 (27 жаштагы аял киши);

-Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 (44 жаштагы эркек киши);

-Кыргыз-Түрк-достук ооруканасынан – 1 (53 жаштагы эркек киши).

Өлкөдө коронавирус жуктуруп, башка өнөкөт оорулары күчөп каза тапкандардын саны 57ге жетти.

Учурда стационарда – 721 адам дарыланып жатат, анын ичинде реанимацияда – 23 жаран бар.
Үй карантининде дарыланып жаткандар – 2 148, ооруканадан чыгарылганы – 2 370 киши.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM