Кыргызстанда коронавирустун 279 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымат жыйынында кабарлады.
Анын ичинде, Бишкек шаарында – 182, Чүй облусу — 36, Ош ш. — 1, Ош облусу — 1, Нарын облусу — 10, Жалал-Абад облусу — 7, Ысык-Көл облусу — 18, Талас облусу — 15, Баткен облусу — 9.
Республика боюнча короанвирусту жуктургандардын саны 5296га жетти.
Жаңы катталган 279 учурдун ичинен сырттан келгендер – 2 (0,7 %), байланышта болгондор – 277 адам (99,3 %).
Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны 76 бейтап. Анын ичинде Бишкек ш. – 22, Чүй облусу – 5, Ош ш. – 19, Ош облусу – 9, Нарын облусу – 9, Жалал-Абад облусу – 1, Ысык-Көл облусу — 7, Талас облусу – 3, Баткен облусу – 1 бейтап айыкты.