Биз менен байланышыңыз

Эркин Асрандиев коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 366 | 0

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү ант беришет. Бирок өкмөттүн айрым мүчөлөрү ант берүү аземине катыша албайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Алардын катарында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев да бар, анын ПЦР-анализинен коронавирус табылды.

Эркин Асрандиев ишин обочолонуу режиминде улантууда, оорусу жеңил формада өтүүдө.

Мындан тышкары, Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси Таалайбек Темиралиев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов жана транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов оорулуулар менен контакттык байланышта болгон жактар катары обочолонуп иш алып барууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM