Биз менен байланышыңыз

Парламенттин кезексиз жыйынында Өкмөт мүчөлөрү ант беришти

Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 543 | 0

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков катышып жатат. Парламентте өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришүүдө.

Кубатбек Боронов баштаган аткаруу бийлиги 17-июнда бекитилген, министрлер кабинетинин курамы мурдагы бойдон эле калган.

Жаңы өкмөттүн курамы:

Вице-премьер-министрлер:

  • Асрандиев Эркин Шамшудинович;
  • Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович;
  • Исмаилова Аида Жекшенбаевна.

 

  • Айдарбеков Чынгыз – Тышкы иштер министри;
  • Джунушалиев Кашкар – Ички иштер министри;
  • Джаманкулов Марат – Юстиция министри;
  • Жеенбаева Бактыгуль – Каржы министри;
  • Муканбетов Санжар – Экономика  министри;
  • Чодуев Эркинбек Урайымович – Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана  мелиорация министри;
  • Бейшенов Жанат — Транспорт жана жолдор министри;
  • Аскаров Замирбек – Өзгөчө кырдаалдар министри;
  • Исаков Каныбек – Билим берүү жана илим министри ;
  • Абдикаримов Сабиржан – Саламаттыкты сактоо министри ;
  • Жаманкулов Азамат – Маданият, маалымат  жана туризм министри;
  • Кочкоров Улукбек —  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
  • Опумбаев Орозбек – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы;
  • Тердикбаев Эрлис –Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы ;
  • Осмонбетов Эмиль – Өнөр жай, энергетика жана жер кыртышын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;
  • Исмаилов Алтынбек – Маалыматтык технологиялар жана  байланыш  мамлекеттик комитетинин төрагасы;
  • Темиралиев Таалайбек – Өкмөттүн Аппарат жетекчиси.

Мурунку өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жыштык сатуу фактысы боюнча аты аралашкандыктан өз арызынын негизинде кызматтан кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM