Биз менен байланышыңыз

Медициналык кадрлардын резервине 870 адам кирди

Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 526 | 0

Кыргызстанда пандемияга байланыштуу кадрлар резервине киргизүү үчүн медицина кызматкерлеринин тизмеси түзүлдү. Өкмөттүн маалыматына караганда, тизме боюнча 870 адам бар, алардын ичинен Бишкек шаарында – 518, Чүй облусу – 42, Ысык-Көл облусу – 76, Талас облусу – 70, Нарын облусу – 67, Жалал-Абад облусу – 8, Баткен облусу – 48, Ош шаары жана Ош облусу – 41, анын ичинде 207си медициналык билим берүү уюмдарынан.

Бардыгы болуп резервде 302 ординатор бар. Резервдегилердин бригадаларын окутуу үчүн 5 күндүк программа иштелип чыкты.

Стационарлардын жана жогорку окуу жайларынын кафедраларынын базасында практикалык сабактарды өтүү менен аралыктан окутуу пландалууда.

Окутуу бүгүн 30-июнда башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM