Биз менен байланышыңыз

COVID-19 менен ооругандар үчүн 2156 орун даярдалган

Кыска кабар | 29 Июн 2020 | 504 | 0

COVID-19 вирусун жуктуруп алгандар үчүн өлкөдө 2156 орун даярдалган. Анын ичинде 767 орун Бишкек шаарында жайгашкан.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун айтымында, 193 орун интенсивдүү терапия палаталары.

Коронавирус жуктуруп алган 716 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен, Бишкек шаарында 306 бейтап бар.

Бүгүн, 29-июнга карата Кыргызстан боюнча дагы 269 кишиден коронавирус аныкталды. Анын ичинде, Бишкек шаарында  – 138 учур, Чүй облусу — 43, Ош шаарында — 23, Ош облусу — 6, Нарын облусу — 4, Жалал-Абад облусу — 26,
Ысык-Көл облусу — 16, Талас облусу — 9, Баткен облусунда — 4 учур катталды.

Республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 5017ге жетти.

Учурда COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 19 606.

Республика боюнча коронавирустан 2294 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды, 50 бейтап каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM