Биз менен байланышыңыз

Кылмыш ишине байланыштуу пайдаланылбай турган 15 тез жардам унаасы линияга чыгарылды

Кыска кабар | 29 Июн 2020 | 4155 | 1

Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борбору 15 тез жардам унаасы менен толукталды. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков медициналык тез жардам унааларынын техникалык абалы менен таанышуу учурунда билдирди.

Линияга чыкчу 15 автоунаа 2018-жылдан бери Саламаттык сактоо министрлигинин кызматтык жактарына карата кылмыш иши козголгондугуна, документтердеги көйгөйлөргө байланыштуу пайдаланылбай турган. Реанимациялык унаалардын жетишсиздигин эске алуу менен аларды линияга чыгаруу чечими кабыл алынды. Бул маселе укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен макулдашылды. Бул иш боюнча иликтөө параллелдүү түрдө улантыла бермекчи, — деди биринчи вице-премьер-министр.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, унаалар техникалык кароодон өткөрүлүп, пайдаланууга жарактуу деп таанылды. Реанимациялык унаалар жасалма дем алдыруучу жана башка жабдуулар менен толук жабдылган.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети мобилдик бригадалар үчүн дагы 5 унаа берди. Жыйынтыгында, 118 жана 103 кызматтарына кошумча 20 тез жардам бригадасы чыкты.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    29.06.2020 21:30

    Машинада айып жок иштетиш керек, кылмыш жасагандарды чыгарбай кармагыла

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM