Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 234 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алды

Кыска кабар | 29 Июн 2020 | 424 | 0

Кыргызстанда 234 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, быйыл «Алтын Тамга» сынагына 1250 талапкер катышып, 234 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатына татыктуу болду.

Өткөн окуу жылында 182 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алган.

Пандемияга байланыштуу “Алтын Тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо менен облустук борборлордогу жана Бишкек шаарындагы тест ѳткѳрүү жайларында жүргүзүлдү.

Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү – сынак реалдуу режимде планшеттер менен ѳткѳрүлдү. Талапкерлер тест тапшырып бүтөрү менен жыйынтыктарды дароо алышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM