Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаардык кеңеши мугалимдерге айлык төлөө маселесин талкуулайт

Кыска кабар | 29 Июн 2020 | 309 | 0

Бишкек шаардык кеңеши 30-июнда мугалимдердин айлык маселесин талкуулайт. Кезексиз жыйында Бишкектеги мектеп мугалимдерине айлык, эмгек өргүүнүн акысын төлөө үчүн акча бөлүү маселеси каралат.

Жыйын Бишкек шаардык кеңешинин фейсбуктагы баракчасы аркылуу түз көрсөтүлөт.

23-июнда Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Бишкектеги мектептердин мугалимдерине эмгек өргүүнүн акысы техникалык себептен улам кечигип жатканын айткан.

Бишкек шаарында техникалык себептер бар, бюджетте жалпы 744 млн сом каралган жана мэрия менен документтер иштелип чыккандан кийин, төлөнүүчү акылар мугалимдерге берилет, — деп билдирди Бактыгүл Жеенбаева.

Ошондой эле, Жеенбаева бардык пенсия жана социалдык жөлөкпул менен жарандар убагында толук каржылана тургандыгын, жылдын аягына чейин маселе жаралбай турганын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM