Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы: Вирус менен күрөшүүдө ар бир жарандын жардамы маанилүү

Кыска кабар | 29 Июн 2020 | 348 | 0

COVID-19га каршы күрөшүүдө ар бир жарандын жардамы маанилүү. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди, ал ошол эле учурда элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Оорунун белгиси билинбей инфекцияны алып жүргөндөр өтө көбөйдү. Биз дарыгерлер менен биргеликте ар бириңиздерден мүмкүн болушунча үйдө болууну өтүнгөнүбүз бекеринен эмес. Бул сиздин жана жакындарыңыздын саламаттыгы үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн маанилүү. Медицина кызматкерлеринин жөнөкөй талаптарын кармануу көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап кала алат, — деп белгиледи Боронов.

Бороновдун пикиринде, жакында эле көпчүлүк вирус жок деген жалган маалыматка ишенип, адам көп жыйналган жерлерге барып жүрүштү. Дал ушул нерсе бүгүнкү абалга алып келди.

Бирок азыр дагы адистердин сөзүн угуп, өтө зарыл болбосо үйдөн чыкпай турууга кеч эмес. Бул айрыкча жашы улгайган, тобокелдик жогору зонадагы жарандарга тийиштүү. Эң башкысы – дүрбөлөңгө түшпөө керек, — деди өкмөт башчы.

29-июнга карата Кыргызстан боюнча дагы 269 кишиден коронавирус аныкталды. Республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 5017ге жетти.

Жаңы катталган 269 учурдун ичинен – 9 (3,3 %), оорулуулар менен байланышта болгондор – 260 адам (96,7 %).

Учурда COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 19 606.

Акыркы сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны — 52 бейтап. Республика боюнча коронавирустан 2294 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Коронавирустан 50 бейтап каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM