Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин эки комитети жыйын өткөрөт

Кыска кабар | 29 Июн 2020 | 388 | 0

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму өтөт. Анда бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде топтолгон каражатты пайдалануу тууралуу өкмөттүн буйругу макулдашууга киргизилет. Бул боюнча Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева маалымат берет.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аккумуляциялык эсебиндеги максаттуу каражаттардын калдыктары тууралуу макулдашууга киргизилет. Бул маселе боюнча, Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов баяндама жасайт. Жыйынга ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева катышат.

Бүгүн парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети да жыйын өткөрөт. Анда «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мораторий киргизүү жөнүндө», «Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорлору 2-окууда каралат.

Демилгечи — өкмөт. Баяндамачы — Айыл чарба, тамак аш өнөр жай жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM