Биз менен байланышыңыз

Медициналык кызматкерлердин кадрдык резервин түзүү тапшырылды

Кыска кабар | 26 Июн 2020 | 525 | 0

Медициналык кызматкерлердин кадрдык резервин түзүү жана аларды окутуу маанилүү тапшырмалардын бири. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин бир пункту катары медициналык адистердин кадрдык резервин даярдоо маселеси саналат.

«Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тутуму Бишкекте коронавирус дартына чалдыккандардын саны кескин жогорулашынан улам белгилүү кыйынчылыктарга дуушар болууда. Медициналык кызматкерлер күнү-түнү үзгүлтүксүз иштеп жатышат. Мындан тышкары, акыркы күндөрү ооруга чалдыккан медициналык кызматкерлердин саны өсүүдө. Бул саламаттык сактоо тутумунун ишине өз таасирин тийгизип жатат», — деди өкмөт башчы.

Кыска мөөнөттө медициналык билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин жана ординатурада, интернатурада окуп жаткандардын катарынан медициналык адистерди даярдоо милдети коюлган.

Кубатбек Боронов өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларындагы медициналык кадрлардын резервин даярдоого көңүл бурууга чакырды.

«Биздин саламаттыкты сактоо тутумубуз күз-кыш мезгилдеринде оорулуулардын саны жогорулоо ыктымалдыгына даяр болушу керек. Ар бир облуста медициналык кадрлардын резервин даярдоо абдан маанилүү», — деди премьер-министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM