Биз менен байланышыңыз

Президенттин аппаратындагы сегиз кызматкерден коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 26 Июн 2020 | 589 | 0

Президенттик аппаратта иштеген сегиз кызматкердин анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайты кабарлады.

Москвага барган кыргыз делегациясынын курамында коронавирус жуктуруп алгандар аныкталгандыгына байланыштуу, президентик аппараттын бардык кызматкерлери коронавируска карата анализ тапшырышты. Анын жыйынтыгында контакт болгон 8 кызматкерден вирус чыкты.

Бул илдеттин мүнөзүн жана биринчи анализдеги күмөндүү учурларды эске алуу менен бардык кызматкерлер кайрадан анализ тапшырышат, ага жараша, жыйынтыктар өзгөрүшү мүмкүн. Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, коронавирустун белгилери жок өтүп жаткандыгын эске алуу менен алардын баары үйдө дарыланышат, -деп айтылат маалыматта.

Аппараттын көпчүлүк кызматкерлери алыстатылган тартипте иштөөсүн улантышууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация  24-июнда Москвага Орусия лидери Владимир Путиндин чакыруусу менен Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн барган. Бирок ал жакта алардан коронавируска каршы анализ алынып, делегациядагы эки кишиден вирус табылган. Буга байланыштуу президент Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парадга катышуудан баш тарткан.

Коронавирус Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков жана күзөт кызматынын кызматкеринен чыккан. Делегация Бишкекке келгенде кайрадан анализ тапшырып, ошол эле эки кишиден кайра тастыкталып, калганы таза чыккан.

Анализдеринин жыйынтыктары таза чыккан президент жана делегациянын бардык мүчөлөрү обочолонуу менен алыстатылган тартипте иштеп жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM