Биз менен байланышыңыз

Курортология институтуна пневмония менен кайрылгандар кабыл алына баштады

Кыска кабар | 26 Июн 2020 | 574 | 0

Бүгүн, 26-июндан тарта Чүйдүн Воронцовка айылындагы Курортология илимий-изилдөө институтуна коронавирустун симптомдоруна окшош ооруга чалдыккандар жаткырыла баштайт. Ал жерде 300дөн ашуун орундар даярдалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн маалымат жыйынында кабарлады.

Мындан тышкары, Бишкектеги №1 оорукананын бир корпусу пневмонияга чалдыккандарды кабыл алууга даярдалып жатат.

Бишкекте коронавирус илдети тастыкталган жарандар үчүн 335 орун даярдалган. Анын ичинен Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 204 орун, Кыргыз-түрк ооруканасында 71 орун, №6 клиникалык шаардык ооруканада 60 орун коронавирусту жуктурганы аныкталган жарандар үчүн даярдалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM