Биз менен байланышыңыз

Жээнбековдун Орусияга 30-июндагы сапары кырдаалга жараша чечилет

Кыска кабар | 26 Июн 2020 | 549 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун Орусиянын Ржев шаарына 30-июнга белгиленген иш сапары мындан аркы эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиевага таянып, «Кабар» маалымат агенттиги жазды.

Ржев шаарына болгон иш сапар алкагында Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында курман болгон кыргыз жоокерлерине арналган эстеликти ачуу пландаштырылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекке Москвадан 24-июнда келип, кайрадан коронавируска карата анализ тапшырган. Москвада коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталган эки адамдан башкасынын анализдери таза чыккан.

Алар үй шартында обочолонуп, медиктердин кароосуда болууда. Анализдеринин жыйынтыктары таза чыккан президент жана делегациянын бардык мүчөлөрү обочолонуу менен алыстатылган тартипте иштеп жатышат.

Президент баштаган кыргыз делегациясы 24-июнда Москвага барып, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парадка Жээнбеков катыша албай калган. Себеби делегациянын курамындагы эки кишиден коронавирус аныкталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM