Биз менен байланышыңыз

«Тазалык» ишканасынын мурунку директору Талантбек Казакбаев кармалды

Кыска кабар | 26 Июн 2020 | 1091 | 0

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын мурунку директору Талантбек Казакбаев ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 2019-жылы «Тазалык» ишканасында 84 млн сомдон ашык суммага майлоочу жана күйүүчү каражаттар талон түрүндө сатып алынып, материалдык жоптуу кызматкерлерге берилгендиги аныкталган.

Бирок ишкананын мурунку директору Талантбек Казакбаев башкы эсепчи жана операторлор менен бергеликте Бишкек шаарынын ичинде жумуш алып барууга багытталган күйүүчү майдын талондорун ыйгарып алып, короткон.

2019-жыл ичинде 1 миллион сомдон ашык баадагы 30 миң 530 литр күйүүчү майдын талондору Чүй жана Талас облустарынын аймагында коротулган. Ал эми ишкананын ишмердүүлүгү Бишкек шаарынын аймагы менен гана чектелген.

Эсептөө палатасынын актысына ылайык, былтыр Бишкектин аймагынан сырткары коротулду делген накталанган талондордун суммасы 1 млн 066 миң сомду түзгөн.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, Кылмыш-жаза кодексинин «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси иштери жүрүп жатат.

2020-жылдын 8-февралында УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын башкы эсепчиси А.О., операторлор А.М. жана Б.Н. кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM