Биз менен байланышыңыз

Германия Кыргызстанга 41,8 млн евро грант берет

Кыска кабар | 26 Июн 2020 | 348 | 0

Жогорку Кеңештин 25-июндагы жыйынында кыргыз өкмөтү менен Германия өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга финансылык, техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Келишимге ылайык, Германия өкмөтү финансылык жана техникалык кызматташуу үчүн Кыргызстанга 41,8 млн евро грант берет. Бул суммадан 21,8 млн. евро төмөнкүдөй техникалык кызматташтык долбоорлоруна берилет:

1. «Перинаталдык саламаттык сактоого көмөк көрсөтүү» (4 млн. евро);

2.»Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» (6 млн. евро);

3. «Кесиптик окууга көмөк көрсөтүү » (5 млн. евро);

4.»Биологиялык ар түрдүүлүк «боюнча жаңгакты жана жайыттарды муниципалдык колдонуу жолу менен жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу (2,9 млн .евро);

5.»Изилдөөлөр жана адистер фондун түзүү» (2,5 млн. евро);

6. «Кыргыз Республикасында сапат үчүн мааниси бар кызматтарды пайдаланууга көмөк көрсөтүү» (1,4 млн. евро).

20 млн. евро финансылык каржылоо алкагында төмөнкүдөй долбоорлорду ишке ашырууга берилет:

1.»Нарк жаратуу тизмеги» финансылык секторунун программасы» (9 млн. евро);

2.»Нарк жаратуу тизмеги» финансылык секторунун программасы»- коштоочу чаралар» (1 млн. евро);

3.»Саламаттык сактоо боюнча сектордук долбоорго» (10 млн. евро) бөлүнөт.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM