Биз менен байланышыңыз

Бишкекте кафе, тамактануучу жайлардын да иштөө убактысы чектелиши мүмкүн

Кыска кабар | 25 Июн 2020 | 1031 | 0

Бишкек шаарында дем алыш күндөрү коомдук транспорт, такси кызматынын иши толугу менен токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев онлайн маалымат жыйыны учурунда айтты.

27-июндан тарта ар дем алыш күндөрү коомдук транспорт иштебейт. 

Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаарында ишемби күндөрү түштөн кийин жана жекшемби күнү толугу менен коомдук транспорттордун жүрүүсүнө чектөө киргизилерин айткан.

Балбак Түлөбаев мындан тышкары, кафе, ресторан, кичи кафелер, кальян барлар, башкача айтканда, элге тамак берген жайлар алгоритмдин негизинде иштебесе, алардын ишмердүүлүгү да чектелерин эскертти:

«Эгерде базардан сырткары, кафе, ресторан, кичи кафелер, кальян барлар, башкача айтканда, элге тамак берген жайлар биз берген алгоритмдин негизинде иштебесе, биз алардын ишмердүүлүгүн кечки саат 22:00дон таңкы 05:00го чейин шаардагы бардык аймактарга дезинфекция иштерин жүргүзүү үчүн жабышыбыз мүмкүн», — деди Түлөбаев.

Бүгүн, 25-июнга карата Кыргызстанда дагы 228 кишиден коронавирус аныкталды. Анын ичинде Бишкек шаарында – 113 жаңы катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM