Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 13 вирусологиялык лабораторияда 16 ПЦР-аппараты бар

Кыска кабар | 25 Июн 2020 | 372 | 0

Кыргызстанда 13 вирусологиялык лабораторияда (полимераздык чынжыр реакциясы) 16 ПЦР-аппараты бар, алардын ичинен 3 мобилдик экспресс диагностикалык лаборатория Баткен, Чүй жана Жалал-Абад облустарында орнотулган. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ошондой эле, келишимдин негизинде жеке лаборатория COVID-19 вирусуна анализ жүргүзүүгө көмөк көрсөтүп, Талас облусунда ветеринардык кызматтын лабораториясынын базасында вирусологиялык лаборатория жайгаштырылган.

Кадрларды даярдоо максатында лабораториялык кызматтын 30 адиси, анын ичинде 22 вирусолог-дарыгер жана 8 лаборант окутулду.

Мындан тышкары, ИФА жана ПЦР-ыкмалары менен иштеген жеке лабораторияларды тартуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM