Биз менен байланышыңыз

26-июнда күндүз тоолуу райондордо жаан жаайт

Кыска кабар | 25 Июн 2020 | 318 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 26-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан жаабайт.

Күндүз көпчүлүк облустардын тоолуу райондорунда жаан жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир аймактарда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда +14…+19, күндүз +30…+35;

Таласта түнкүсүн +12…+17, +28…+33;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +8…+13, +20…+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, +18…+23;

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир аймактарда 14 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +33…+35 градуска жетет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM