Кыргызстанда акыркы суткада 19 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын ичинде Бишкек шаарында-13, Ош шаарында-3, Ош облусунда-1, Баткен облусунда-1, Талас облусунда-1 жаңы учур катталды.
Бир сутка ичинде 7 медициналык кызматкер айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккан медициналык кызматкерлердин саны 648ге жетти, алардын 396сы ооруканадан чыгарылган.