Биз менен байланышыңыз

Бишкекте интернетти көзөмөлдөөгө каршы митинг өтүүдө

Кыска кабар | 25 Июн 2020 | 370 | 0
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Гүлшат Асылбаева

Бишкекте Ак үйдүн алдына интернетти көзөмөлдөөгө каршы чыккан жарандар, активисттер митингге чыгышты. Жарандык активисттер «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун сөз эркиндигине карата басым катары баалашууда. Акцияны массалык маалымат каражаттары түз көрсөтүп жатышат.

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралат.

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутат Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова.

Документте интернет колдонуучулардын, сайт жетекчилеринин, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. 6-беренесинде интернетке чыккан маалымат жалган болсо, Маданият министрлиги аны сотко чейин эле чектей алат деп көрсөтүлгөн.

Депутат Гүлшат Асылбаева жасалма аккаунттар жарандардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүү үчүн колдонулушу мүмкүн экенин айтып, мындай аккаунттар коронавирус тууралуу калп маалыматтарды да таратып жатканын айтат. Ошондой эле, интернетте өз пикирин айткан жарандар кээде чектен чыгып кетерин кошумчалады.

Социалдык тармактарда бул мыйзам долбоорун артка чакыртып алуу сунушталып жатат.

Гүлшат Асылбаеванын Фейсбуктагы баракчасына жазган постуна социалдык тармактын колдонуучулары нааразычылыгын билдирип, 4 миңден ашык комментарий түшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM