Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктургандар менен байланышта болгондор 16 миңден ашты

Кыска кабар | 25 Июн 2020 | 261 | 0

Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдар менен 16 миң 265 киши байланышта болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымат жыйынында кабарлады.

Оорулуулар менен байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн. Учурда 635 адам ооруканаларда дарыланууда, алардын чинен 42 бейтаптын абалы оор, 12 киши оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

213 адамдын абалы орточо оор, 380 бейтаптын абалы канааттандырарлык. Оорунун белгилери байкалбаган 1164 бейтап үй көзөмөлүнө чыгарылган.

25-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктургандардын саны 3954кө жетти. Илдеттен 2112 жаран айыгып, 43 адам (+1 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM