Биз менен байланышыңыз

Каратаев: Кыргызстанда сапатсыз ПЦР-тест жүргүзүлбөйт

Кыска кабар | 25 Июн 2020 | 494 | 0

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Кыргызстандагы коронавируска карата тапшырылып жаткан тесттер сапатсыз эмес экендигин айтты. Ал президент Сооронбай Жээнбеков жана Москвага барган кыргыз делегациясы качан анализ тапшырганын так билбегендиктен, маселе иликтенгенден кийин маалымат берилерин кошумчалады.

Ошондой эле, эгер адам анализ тапшырып, жыйынтыгы терс чыккандан кийин да контакт болсо, вирус жугуп калуу ыктымалдыгы бар экендигин айтты.

«Биздин ПЦР-тесттер сапатсыз жүргүзүлбөйт. Анализдин качан тапшырылгандыгы маанилүү. Себеби вирус жугузуп алуу ар бир мүнөттө болушу мүмкүн. Кечээ Москвага барган делегациядагы эки жаран Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Калган адистер 3 күн изоляциядан кийин, кайталап алынган анализи терс чыкса, жумушка чыгышат», — деди Каратаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация 24-июнда Москва шаарынан кайтып келип, коронавируска карата кайрадан анализ тапшырышты.

Буга чейин айтылгандай, президент жана делегация мүчөлөрү анализ тапшырып, жыйынтыгы чыкканга чейин 3 күндөй өз алдынча обочолонууда болушат. Мурда анализдеринде илдет аныкталгандар 14 күн обочолонууга алынат.

24-июнда президент Сооронбай Жээнбековду Москвага коштоп барган эки кишиден коронавирус аныкталды. Ушундан улам, ал Кызыл аянттагы аскер парадына катышуудан баш тарткан.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM