Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирустан дагы бир киши каза тапты

Кыска кабар | 25 Июн 2020 | 529 | 0

Кыргызстанда коронавирустан дагы бир киши каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн маалымат жыйынында кабарлады.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жалпы дарыгерлер практикалоо борборунан 1971-жылы туулган 1 аял киши каза болду.

Коронавирус жуктуруп, өнөкөт оорулары күчөп каза болгондордун саны 43 кишини түздү.

Кыргызстанда 25-июнга карата 228 жаран коронавирус жуктурганы аныкталды. Өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 3954кө жетти. Анын ичинен 2112 адам айыгып, 43 адам каза болду.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM