Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Мобилдик топтор 22 миңден ашык адамдан ПЦР-анализ алышкан

Кыска кабар | 24 Июн 2020 | 325 | 0

Бишкек шаарындагы мобилдик топтордогу медиктердин саны көбөйтүлдү. Шаардын вице-мэри Татьяна Кузнецованын айтымында, ар бир үй-бүлөлүк медициналык борборлордо 10 бригада 24 саат бою иштешет.

Мобилдик топтор вахталык ыкма менен 14 күн иштеп, 14 күн обсервацияда болушат. Алар 17 690 жолу чакырууларга чыгышып, 22 миң 615 адамдан ПЦР-анализдерин алышкан.

Ошондой эле ал билдиргендей, 118 колл-борбору күнү-түнү иштөө режимине өттү.
Мындан сырткары, мобилдик бригадалардагы медиктердин саны көбөйүп, ар бир үй-бүлөлүк медициналык борборлордо 10 бригада 24 саат бою иштешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM