Биз менен байланышыңыз

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылды

Кыска кабар | 24 Июн 2020 | 309 | 0

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылды. Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, Кыргызстандагы 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрү негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк жана жалпы орто билим жөнүндөгү аттестаттарды 18 жана 20-июнь күндөрү алышты.

9-класстарга жалпы 105 689  күбөлүк, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө 60 533 аттестат берилди.

Билим берүү жана илим министрлиги бул жылы биринчи жолу орто жана жогорку окуу жайларды бүткөндүгү жөнүндө документтердин бирдиктүү үлгүсүн даярдап, аны коомдук  талкууга койду.

Мурдагы кемчиликтердин алдын алуу максатында Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, жогорку окуу жайлар менен биргеликте ведомстволор аралык топ тарабынан мамлекттик документтерди иштеп чыкты.

Бардык документтер шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнө жеткирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM