Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин аппаратынын дагы бир кызматкери COVID-19ду жуктурду

Кыска кабар | 24 Июн 2020 | 330 | 0

Жогорку Кеңештин аппаратынын дагы бир кызматкеринен COVID-19 илдети аныкталды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Учурда вирус жуктурган кызматкер ооруканада дарыланып жатат.

Жогорку Кеңеште жалпысынан коронавирустун 6 учуру катталды. Алардын ичинен экөө депутат болсо, төртөө аппарат кызматкерлери.

Калган депутаттар жана аппарат кызматкерлери ПЦР-тесттен өтүүнү улантышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM