Биз менен байланышыңыз

Каратаев: ПЦР-анализдин биринчи жыйынтыгы 100 пайыз так эмес

Кыска кабар | 24 Июн 2020 | 443 | 0

Биринчи жолу тапшырган ПЦР-анализдин жыйынтыгы 100 пайыз так эмес. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Биринчи жолу ПЦР-анализ тапшырганда анын жыйынтыгы таза чыгышы мүмкүн, себеби алгачкы 5 күндүн ичинде адамдын ден-соолугу вирус менен өзү күрөшөт. Ал эми 12-14 күндөн кийин кайрадан кайталап алынган анализде оору бар болуп чыккан учурлар кездешет. Бул адамдын иммунитетине байланыштуу. Эгер кимдир бирөөндө вирустун симптомдору бар болуп, бирок ПЦР-анализи терс чыкса, санитардык нормаларды сактап, иммунитетин жакшыртышы керек. Ошондуктан, биринчи жолку ПЦР-анализдин жыйынтыгын 100 пайыз таза деп айтууга болбойт, — деди Каратаев.

Кыргызстанда 24-июнга карата 207 жарандан коронавирус аныкталды. Анын ичинде Бишкек шаарында 92 жаңы учур катталды. Республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 3726га жетти. Бул илдеттен 42 киши каза болду.

Учурда стационарда 623 киши дарыланып жатат, анын ичинен 12 жаран реанимацияда. Үй карантининде жаткан оорунун белгилери жок жарандардын саны — 979.

Оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 15 065.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM