Биз менен байланышыңыз

Каратаев: Бишкекте 106 мобилдик топтун ордуна 38и гана ишти алып барууда

Кыска кабар | 24 Июн 2020 | 392 | 0

Өлкө боюнча коронавирус менен күрөшүү үчүн 649 мобилдик топ түзүлгөн. Учурда кырдаалдын курчуганына байланыштуу алардын бардыгы күчөтүлгөн тартипте иштешүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Бишкек шаарынын калкын тейлөө үчүн 106 мобилдик топ талап кылынат, бирок учурда болгону 38 гана мобилдик топ ишти алып барууда.

-Абал курч болуп, акыркы жумада илдетти жуктургандардын саны кескин көбөйдү. Ушул себептен кошумча иш-чаралар аткарылып жатат. Бишкек, Чүй облусунда ооругандардын саны барган сайын көбөйүүдө. Ар бирибиз оорунун олуттуу мүнөзгө ээ болгонун, анын коркунучтуулугун бири-бирибизге түшүндүрүп айталы. Максатсыз көчөгө чыкпаңыздар, эл көп жерге барбаңыздар, сөзсүз беткап кийип, колду тез-тезден жууп туруңуздар. Ар бир адам жоопкерчилик менен санитардык нормаларды сактоого тийиш, — деп билдирди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каратаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM