«Окуучулардын илимий-техникалык чыгармачылыгы боюнча мыкты билим берүү программасына» жарыяланган конкурс жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрү аталды.
Кыргыз Билим берүү академиясы «Алтын түйүн» республикалык балдардын инженердик-техникалык академиясы менен биргеликте «2020-жыл ‒ Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына» жана Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата «Окуучулардын илимий-техникалык чыгармачылыгы боюнча мыкты билим берүү программасына» конкурс жарыялаган болчу.
Жеңүүчүлөр аныкталып, Мамбет Мамакеев атындагы гимназиянын мугалими Туратбек Иманбеков башкы сыйлыкка ээ болду.
— 19-июнда чалып, гран-приге ээ болгонумду айтышты. Башкы сыйлык катары ноутбук тапшырылды, — дейт Иманбеков.
Конкурс 2020-жылдын 1-февралынан 1-майына чейинки аралыкта өттү. Конкурска катышуу үчүн 2020-жылдын 15-апрелине чейин окуу программалары кабыл алынды.