Биз менен байланышыңыз

Сүлүктү шаарындагы көмүр шахтада төрт адам каза болду

Кыска кабар | 24 Июн 2020 | 572 | 0

Баткендин Сүлүктү шаарында көмүр шахтасында төрт адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Кырсык 23-июнда “Кенчилер-Береке” шахтасында болуп, үч эркек жана бир аял киши газга ууланып каза болушту.

Кырсык болгон жерге министрликтин куткаруучулары барып, каза болгондордун сөөгүн Сүлүктү шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирип беришкен.

Каза болгондордун жаш курагы 73, 37 жана 19 жаштагы 3 эркек, 34 жаштагы бир аял киши.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM