Биз менен байланышыңыз

Каратаев: Дене табы 38°Сден ашпагандар ооруканага жаткырылбайт

Кыска кабар | 24 Июн 2020 | 697 | 0

Учурда коронавирустун симптомдору менен кайрылгандар көп болуп жаткандыктан Саламаттык сактоо министрлиги атайын алгоритм иштеп чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Жаңы алгоритмге ылайык, эгер оорунун белгилери билинбесе, дене табы 38°Сден ашпаса, ал бейтап амбулатордук үй шартында гана дарыланат, ооруканага жаткырылбайт. Мындайда кантип дарылануу керектиги жазылган.

Кыргызстанда 24-июнга карата 207 жарандан коронавирус аныкталды. Анын ичинде Бишкек шаарында 92 жаңы учур катталды. Республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 3726га жетти.

Каза болгондордун саны — 42 киши.

Учурда стационарда 623 киши дарыланып жатат, анын ичинен 12 жаран реанимацияда. Үй карантининде жаткан оорунун белгилери жок жарандардын саны — 979.

Оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 15 065.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM