Биз менен байланышыңыз

Бишкекте коронавирус менен ооругандар үчүн 335 орун даярдалган

Кыска кабар | 24 Июн 2020 | 418 | 0

Бишкек шаарында коронавирус менен ооругандар үчүн 335 койка-орун даярдалган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 204 койка-орун даярдалган. №6 шаардык ооруканада 60 орун даярдалган, Кыргыз-түрк ооруканасында 71 орун бар.

Кыргызстанда 24-июнга карата 207 жарандын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Анын ичинде Бишкек шаарында 92 жаңы учур катталды. Республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 3726га жетти.

Каза болгондордун саны — 42 киши.

Учурда стационарда 623 киши дарыланып жатат, анын ичинен 12 жаран реанимацияда. Үй карантининде жаткан оорунун белгилери жок жарандардын саны — 979.

Оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 15 065.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM