Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 20 мыйзам долбоору каралат

Кыска кабар | 24 Июн 2020 | 328 | 0

Жогорку Кеңештин  24-25-июнундагы жыйындары түз эфирде чагылдырылбайт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн күн тартибинде “Ысык-Көл” биосфера аймагында сууларды агызып чыгаруу жана тазалоочу курулмалар жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат.

Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууга киргизилет.

“Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору үчүнчү окууга киргизилет.

“Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууга киргизилет.

“Саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору да үчүнчү окууда каралат.

ВИЧ/СПИД жөнүндө мыйзам долбоору үчүнчү окууга киргизилет.

“Саясий партиялар жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууга киргизилет.

“Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууга киргизилет.

Улуттук банктын 2019-жылдагы иши жөнүндө маселе каралат.

Жалпысынан бүгүн күн тартибинде 20 мыйзам долбоору каралат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM