Биз менен байланышыңыз

Казакстандын ЖОЖдорунда окуу үчүн тестирлөө өттү

Кыска кабар | 23 Июн 2020 | 283 | 0

Казакстандын жогорку окуу жайларында акысыз билим алууну каалоочулар тестирлөөдөн өтүштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Казакстандын университеттеринде кыргызстандыктар үчүн гранттык орундар бөлүнгөн.

Бакалавриат программасы боюнча жалпы 20 адамдан арыз келип түшкөн, алардын 15и тестирлөөгө катышты.

Тесттин жүрүшү бардык санитардык талаптарды эске алуу менен уюштурулду. Эртең, 24-июнда тандоо комиссиясынын отуруму өтөт жана акыркы чечим чыгарылат.

Сынактан өткөн талапкерлер Казакстандын мамлекеттик университеттерин жана адистиктерди өзү тандайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM