Биз менен байланышыңыз

Батукаевдин иши: Индира Жолдубаева 5 млн сом айып төлөйт

Кыска кабар | 23 Июн 2020 | 811 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз чыгарылышы боюнча айыпталуучуларга өкүм чыгарды. Ага ылайык, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева үй камагында калып, 5 млн сом айып төлөөгө милдеттендирилди.

Жолдубаеванын адвокаты бул өкүмгө каршы экенин жана арызданышарын айтты.

Бүгүн бул иш боюнча Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевди бардык сыйлыктарынан — II даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринен, «Даңк» медалынан, президенттин энчилүү саатынан ажыратып, 11 жыл 2 айга камоо чечими кабыл алынды.

Ошондой эле, анын үй мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик бардык наамдары, сыйлыктары артка чакыртылып алынат.
Сотто судья Эмилбек Каипов төрагалык кылды.

Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев эки жылга кесилди. Ал жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу сот залынан бошотулду.

Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазага тартылган жок.

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негиз менен Нарында түрмөдө жаткан жеринен атайын коштоо менен Бишкектен «Манас» аэропортунан менчик учак менен Грозныйга учуп кеткен.

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылы кайра иликтене баштап, октябрь айында сотко өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM