Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Германия берген акчага аукцион өткөрөт

Кыска кабар | 23 Июн 2020 | 377 | 0

Финансы министрлиги Германиянын KFW фондунун каражаттары боюнча 1 300,0 млрд сом суммасына аукцион өткөрүүнү пландоодо.

Аукцион 23-июнга пландаштырылган, ал «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасынын алкагында ишке ашырылат.

Бүгүнкү күндө Финансы министрлиги он коммерциялык банк менен келишим түздү:

  1. «Айыл Банк» ААК;
  2. «Бакай Банк» ААК;
  3. «Банк Азии» ЖАК;
  4. «Банк Компаньон» ЖАК;
  5. «Демир Банк» ЖАК;
  6. «КБ Кыргызстан» ААК;
  7. «Оптима Банк» ААК;
  8. «Финка Банк» ЖАК;
  9. «Халык Банк» ААК;
  10. «РСК Банк» ААК.

Аукцион өткөрүлгөн соң жана бардык процедуралар аяктагандан кийин ишкерлерге жеңилдетилген кредит берүү үчүн бюджеттик каражаттарды банктарга берүү пландалууда. Банктардын тизмеси көбөйүшү мүмкүн.

KfW Германия өнүктүрүү банкынын каражаттарынын биринчи траншы айыл чарба чөйрөсүндөгү чакан жана орто бизнести колдоого багытталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM