Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Жеке секторду насыялоо үчүн өнөктөштөр менен келишимдер түзүлдү

Кыска кабар | 23 Июн 2020 | 295 | 0

Коронавирус кризисинен улам жеке секторду насыялоо үчүн бир катар өнөктөштөр менен келишимдер түзүлдү. Бул тууралуу Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.

Жеенбаева Дүйнөлүк банк өзүнүн эки долбоорунун алкагында, ошондой эле Азия өнүктүрүү банкы инфратүзүмдүк инвестициялардын колдоосу менен жеке секторду каржылоо үчүн 122,5 млн доллар өлчөмүндө узак мөөнөттүү насыя берүүгө даяр экендигин билдирди.

Жеенбаеванын айтымында, Европа Инвестициялык Банкы июлда 25 млн доллар суммасына агрардык өндүрүштүк-сатуучу чынжырчаларды, чакан жана орто бизнести каржылоо процессин баштайт.

Ошондой эле, револьвьердик фонддун алкагында Финансы министрлиги чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү үчүн дээрлик 36 млн доллар акчаны колдонуу боюнча донорлор менен макулдашууларга жетишти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM