Биз менен байланышыңыз

Өкмөт өнөктөштөрдөн 56 млн доллар инвестициялык долбоорлорду тартууда

Кыска кабар | 23 Июн 2020 | 441 | 0

Өкмөт өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан 56,2 млн доллар суммасында инвестициялык долбоорлорду тартып келүүдө. Бул тууралуу Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева кабарлады.

Дүйнөлүк Банктын алкагында 9 млн доллар, анын ичинде Саламаттык сактоо министрлигине 4,2 млн доллар суммасына медициналык жабдык алынып келүүдө, ошондой эле 3,9 млн долларга дагы жабдыктарды алып келүү пландалууда.

«Мындан тышкары, Дүйнөлүк Банктын макулдашуусу боюнча 12,1 млн доллар суммасына тендер процесси жүрүүдө. Бул долбоор ыкчам чара көрүү топторуна, ошондой эле бейтапканалардын дараметин чыңдоого – медициналык жабдуу, чыгымдык материалдар, медициналык калдыктарды утилизациялоо системасын жакшыртууга, техникалык колдоо көрсөтөт».

Жээнбаеванын айтымында, өкмөт 20 млн долларга Азия Өнүктүрүү Банкы менен макулдашууну жана 15 млн долларына Ислам Өнүктүрүү Банкы менен макулдашууну күчүнө киргизүү боюнча ратификациялоо процессин жүргүзүүдө. Бул макулдашуулардын алкагында жакынкы убакта COVID-19га каршы күрөшүү үчүн медициналык жабдуулар жана препараттар сатылып алынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM