Биз менен байланышыңыз

Мугалимдердин эмгек өргүүсүнүн акысы эмне себептен кечикти?

Кыска кабар | 23 Июн 2020 | 479 | 0

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева мугалимдерге, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине төлөнүүчү акы жана пенсия жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, мугалимдерге эмгек өргүүнүн акысы техникалык себептен улам кечигип жатат.

Бишкек шаарында техникалык себептер бар, бюджетте жалпы 744 млн сом каралган жана мэрия менен документтер иштелип чыккандан кийин, төлөнүүчү акылар берилет, — деп билдирди Бактыгул Жеенбаева.

Ошондой эле, бардык пенсия жана социалдык жөлөкпул убагында толук каржыланып, жылдын аягына чейин маселе жаралбай турганын айтты.

Ал эми, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдеринде жумушка тартылган күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине акы төлөөдө бир катар техникалык жана уюштуруу процедуралары каралып, тизмелер жана сумманын өлчөмү такталган.

Бардык процедуралар аяктап, Финансы министрлиги Өкмөттүн тескемеси менен төлөнүүчү акыларды бере баштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM