Биз менен байланышыңыз

Президент: Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер элдин турмушун жакшыртууга зор салым кошууда

Кыска кабар | 23 Июн 2020 | 261 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал мамлекеттик кызматкерлер башкаруу системасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу менен, өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө, социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө жана элдин турмушун жакшыртууга зор салым кошуп келе жатышканын айтты.

«Сиздердин ар күнкү ишиңиздер элдин бийликке болгон ишенимине, өлкөнүн кең келечегине болгон элдин үмүтүнө түздөн- түз таасир этет. Өзгөчө азыркыдай шартта бийликтин өкүлү катары сиздерден жогорку кесипкөйлүк сапаттар эле эмес, ишке болгон жоопкерчилик, элге аяр мамиле кылуу талап кылынат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер коомчулукка өз ишине берилгендиктин жана жарандык жогорку жоопкерчиликтин үлгүсүн көрсөтүшү керек», -деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM