Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыска кабар | 23 Июн 2020 | 461 | 0

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пункту убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Кытай тараптын демилгеси менен “Күрүч” майрамына карата “Эркечтам-унаа жолу” көзөмөл өткөрүү пункту 25-июндан 28-июнга чейин жабылат. Бул убакытта жүк ташуулар чектелет.

“Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пункту 2020-жылдын 15-апрелинен тарта иштей баштаган. Жаңы алгоритмге ылайык, ал жерден Кытайдан товар ташууга гана уруксат берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM