Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош унаа жолу: Бүтүрүүчүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат

Кыска кабар | 23 Июн 2020 | 355 | 0

Бишкек-Ош унаа жолунун көпчүлүк бөлүгү Токтогул районунун аймагынан өткөндүгүнө байланыштуу санитардык-карантиндик посттор уюштурулган.

Райондук милиция кызматкерлери мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жаратылышта эс алууларын, кафе-ресторандарда көңүл ачууларды болтурбоо макатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ошондой эле, бүтүрүүчүлөрдү жана өспүрүмдөрдү сууга түшүүгө кооптуу аймактарга барбаш керек экендиги да эскертилүүдө.

Мындан тышкары, өзгөчө кырдаал режими алына электиги жана коронавирустун күчөп жаткандыгы посттон өтүп жаткан ар бир жаранга түшүндүрүлүп жатат.

Милиция кызматкерлери элди кырдаалды түшүнүү менен туура кабыл алып, сабырдуу болууга жана санитардык нормаларды сактап, тиешелүү медициналык каражаттарды колдонууга чакырышууда.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM