Биз менен байланышыңыз

Корея, Япония жана Филиппинден 19 кыргызстандык алып келинди

Кыска кабар | 23 Июн 2020 | 316 | 0

Бишкекке Корея, Япония жана Филиппинден Кыргызстандын 19 жараны учуп келди.

Алар Токио, Манила жана Сеул шаарларынан «Air Astana» казак авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Алматы шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, Бишкек шаарына атайын транспорт менен алынып келиништи.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Чет мамлекеттердеги кыргыз жарандарын үйлөрүнө кайтаруу, анын ичинде өнөктөш өлкөлөрдүн жардамы менен аларды алып чыгууну аракеттери улантыларын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM