Биз менен байланышыңыз

Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз чыгарылышы боюнча сот уланууда

Кыска кабар | 23 Июн 2020 | 275 | 0

Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз чыгарылышы боюнча соттук иш улантылууда. Бул иште Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов айыпталууда.

Буга чейин тараптардын жарыш сөздөрү угулган.

Мамлекеттик айыптоочулардын тобу Алмазбек Атамбаев менен Индира Жолдубаеваны 15 жылга, Раимжанов менен Качкыналиевди 13 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар оор беренелер менен айыпталууда. Аталган иште мурдагы баш прокурорлор — Аида Салянова, Индира Жолдубаева баш болгон ондон ашуун мурдагы жетекчилерге, дарыгерлерге айып коюлган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM